Бесплатная библиотека
Читайте книгу на сайте или телефоне
READ-E-BOOK » Сказки народов мира » Бабалардын баяны 2
Бабалардын баяны 2 - Читать Любимую Русскую Полную Книгу 👉 Read-E-Book.com

Бабалардын баяны 2

Электронная книга - «Бабалардын баяны 2». Краткое содержание книги:

Акын, жазуучу К. Абакиров бул китеби аркылуу байыркы ата-бабаларынын санжырасын кызыктуу түрдө баяндап бере алган. Анда Ырыскандан тартып, Чынгыз хан доору, Тагай бий, Төрөкочкор, Беккулу, Бүтөбай, Щоңко,Уралы, Баястан аталардын баянын кеңири түрдө жазып бере алган. Китеп ары кызыктуу, окуялуу келип, балдардын тили менен назик жазылган. Чыгарманы окуп байыркы ата-бабанын санжырасын көп жерин иликтеп билип алса болот. Автордур жомоктору, ырлары, афоризм китеби миңдеген нуска менен жарык көргөн.
1 ... 7 8 9 10 11 12 13 14 15 ... 76
Перейти на страницу:

Бугун Катаган болуптур.

Ортончусу Булан Жалчы

Кичүү баласы Буданчар,

Үчөөнөн чыккан тукумдар,

Арбун Будун деп аталган.

Байыркы атты чакырган,

Ушундай уулдар таралган.

Кыргыз тилге которсок,

Маанисин тактап ойлонсок,

«Закым нур» деп аталат,

Дал ушундай атты алат.

Алангүнүн ортончу баласы,

Буданчар деп аталар.

Санжырада айтылаар,

Андан эки бала бар.

Токо, Томо уландар,

Андан тукум уланаар,

Токо деген хан болот.

Токо улгайып өлгөн соң,

А дүйнөнү көргөн соң,

Уулу Дутма хан болот.

Бактысы учуп оболойт.

Өстүрүп сегиз баланы,

Өстөндү бойлоп отурган,

Сегиз уруу эл тарады.

Сегиз уруу ошол эл,

Санат сөзү көп болуп,

Сабалатып айтыла

Санжырада жазылды.

Сегиз уулдун ичинен,

Кайду деген тың чыкты,

Кайратынан кан чыкты,

Тиреше келген душманын,

Тизелетип санга чапты.

Кайдудан тукум уланаар,

Шукшурулган канат бар,

Андан чыкты Байшумкар,

Андай ары мындай деп,

Ата баба баянын,

Айта берсе арбын кеп.

Бүт журтту башкарган,

Андан ары Түмөн бар.

Андан Кабыл төрөлдү,

Журт башкарып барбайган,

Андан ары Эр Барбан.

Душманы уу берип жайлаган,

Кадимки Темирчинин атасы,

Журт башкарган Есугей,

Дайын болгон жалпыга,

Есугейден беш бала.

Кармагандан кан чыкты,

Ошол, ошол Темирчи,

Темирчи төрөлгөндө,

Жети күнү күн бузулуп,

Токтобой бороон согуп,

Кар аралаш жамгыр болуп,

Айлана такыр көрүнбөй,

Ак булуттар бери өтпөй,

Боз үйлөр солкулдап,

Жаман тамдар дагы урап.

Дарак башы кыймылдап,

Иттер үрүп ызылдап,

Жан-жаныбар үн салып,

Өзүнчө бир аламаат.

Жер титиреп кыймылдайт.

Ал бала алаканына,

Кан уучтап түшүптүр.

Кан уучтап түшкөнү

Адам көрбөс түйшүктүр.

Айласы куруп тап-такыр,

Аталар такыр таң калды,

«Ээ кудайым сакта»-деп,

Энелер эстен танды.

Такыр эле калп эмес,

Бул окуя чын экен

Санжырада жазылган,

Уламада айтылган.

Бийлик үчүн жол салды,

Кыр көрсөткөн душманды,

Кылыч менен кайсады.

Наркы, берки жоолорун,

Найза менен жалмады.

Ошол, ошол Темирчи,

Бүт Монголду башкарган.

Жоо болуп каршы чыкканды,

Жок кылып баарын жалмаган.

Ошол, ошол Темирчи,

Бийликке карай жутунду,

Баардык журтту башкарып,

Байлыкка карай кол сунду.

«Батпас эгем болом» -деп,

Баарына карай умтулду.

Чоң Курултай өткөрүп,

Чынгыз хан болуп аталды.

Анан каардуу, кандуу жол,

Ай ааламды каптады.

Жердин үстүн бүлүнтүп,

Жергеге бүт буй салды.

Узун бойлуу кең далы,

Жана дагы көзү көк,

Башындагы чачы сары,

Бабасындай ак жүздүү,

Чындыгында Чынгыз хан

Кыргыздын бир тукуму,

Эне Сайлык кыргыздар,

Ушул өңдө болуптур.

Чын эле чыгаар бир жагы,

А балким бул жомоктур.

Сабалатып баяндаган,

Санжырачы кеп салат.

Калпы чынын ким билет,

Баары ошондой катталат.

Барактарда жазылат.

Ушул сөздү айтып бүтүп,

Элтерес сөзүн аяктады.

Элдин баары таңданды,

Журт болсо ойго батып,

Этектерин күбүшүп,

Анан дөңдөн тарады.

Жердин үстүн буй кылып,

Каптап келет Чынгыз хан.

Баардык жерге өрт жагып,

Мойсоп келет Чынгыз хан.

Көргүлүктү көрсөтүп,

Жок кылып келет Чынгыз хан.

Акырындап айтып бүттү,

Элтерес ата баянын.

Санаркоо ойлор каптады,

Отургандын баардыгын.

Элтерес ата жомогу

Элдин баарын ойлонтот.

Каардуу душман келатат,

Капсалаңдап ойрондойт.

Чогулган эл түйшүктүү,

Чочулоо басты араны.

Этектерин күбүшүп,

Элдин баары тарады.

Убакыт такыр токтобой,

Жума өтүп күн жылган.

Баягы эле чөң дөңгө,

Баардыгы келди кайтадан.

Эл билгилер келишти,

Кенен жайып ортону.

«Калың журтпуз биз дагы

Кана эмесе ойлонолу.

Кылымдан-кылым жашаган

Кыргыз журту өтө азайган.

Табалы бир айланы,

Жоонун алдын тосууга,

Жоокерлерди чыңдайлы.

Күчүбүз такыр жетпесе,

Чынгыз ханга кошулалы.

Кырып такыр кетпесин

Кыргыз элин сактайлы».

Булуттар жамгыр төгүптүр,

Жарым жылдай өтүптүр.

Талап кылат эмнени,

Монголдон элчи келди.

Супатай баатыр баштаган,

Элчилер келди капталдан.

Конок кылып баатырды,

Кондуруп аны сыйлаган.

Баатыр анда кеп салган,

«Силерден салык албайбыз,

Арбын жигит бергиле,

Майданга аны салабыз».

Чынгыздан мээрим күтүп

Кыргыздар элчи даярдады.

Белек деген эмне экен

Берүүгө баарын камдады.

Алтын ээр токулган

Жал куйругу кап кара.

Ак боз атты тартуулашты,

Таң калыштуу байкаса.

1 ... 7 8 9 10 11 12 13 14 15 ... 76
Перейти на страницу:
0
Сюжет
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
0
Атмосфера
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
0
Главный герой
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
0
Общее впечатление
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
Итоговая оценка: 0.0 из 10 (голосов: 0 / История оценок)